Биз менен байланышыңыз

Журналист Улан Эгизбаев тууралуу тасма тартылды

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 1469 | 0

Бүгүн, 11-февралда Бакен Кыдыкева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында журналист Улан Эгизбаевдин туулган күнүнө арналган «Уландын иши уланат» аттуу иш-чара болуп өттү.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 25-ноябрда Улан Эгизбаев атындагы жаштардын коомдук бирикмеси түзүлгөн. Бүгүнкү иш-чара аталган бирикме тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева баштаган бир катар өкүлдөр, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү, ошондой эле Улан Эгизбаевдин кесиптештери, үй-бүлөсү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бирикменин мүчөлөрү уюшулгандан берки жасаган иштери боюнча маалымат берип, Улан Эгизбаевге арналган ырларын окуп, маркум журналистке арналган «Чындык деп жанган өмүр» аталышындагы кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.

Эске салсак, журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Чолпон-Атада сууга чөгүп каза болгон. Көзү тирүү болгондо эртең, 12-февралда 31 жашка толмок.

Copyright © 2017 Maral FM