«Айылдын жашоосу, андагы чыккан ар бир керемет үн менин белгилүү композитор болуума түрткү болду», — деп, маегибиздин башталышын балалыктын керемет кезине бурган бүгүнкү күндүн залкары, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Муратбек Бегалиев «Мен жана мезгил» программасында турмуш жолундагы баскан издери, кылган эмгектери жөнүндө кеп салды.
Кара тору Муратбектин балалык кыялы…
«Жан дүйнө жөнүндө кеп кылалы», — деп, маекке чакырганыңарга ырахмат. Бир кесиптин ээси болуп, жакшы даражага жеткенде адам баласы артына бир кылчайып: «Эмне иш кылдым? Балалык кезим кандай өттү? Өмүр жолум кандай өтүп атат?» — деп сереп салып, жыйынтык чыгарат экенбиз.
Балалыгым ажайып кооз, касиеттүү Жумгал деген жерде өткөн. Кыргызстандын картасын карап олтуруп, билгендер: «Ой-ий, таланттардын көпчүлүгү ушул Жумгалда турбайбы?» — дешет. Кыргызды кыргыз кылган эң биринчи таланттар ошол жакта төрөлүп, өскөн. Мен мына ушундай жерде чоңойдум.
Кыргыздын кайсыл жагына гана таш ыргытпа, кой кайтарбаган бала болгон эмес. Мен да Соң-Көл жайлоосунда мал багып, керемет табияттын кучагында өскөн — кичинекей кара тору Муратбекмин. СССР учурунда малчылардын жашоосун көтөрмөлөп, аларга көп көңүл бурушчу. Ошол кезде Сайра Кийизбаева, Эстебес Турсуналиев баштаган атактуу, беделдүү инсандарыбыз концерт коюп барышканы, малчыларга чакан майрам тартуулашканы эсимде. Ал кезде мен кымындай бала элем. Чоң машинанын кузовуна чыгарып, ичикке ороп отургузуп коюшту. Оркестрди алгач ирет ошондо көрдүм. Көзүмдү албай тиктеп, «Кандай бактылуу инсан ушулардын арасында жүрүп, чогуу иштешет болду экен?» — деп суктандым. «Жаштын тилегин берет» деген чын экен. Кийин чоңоюп, ушул залкарлардын кээ бири менен чогуу иштешип, ректор болуп башкарып да калдым (күлүп).
Айылдын жашоосу талантымды ачты
Айылдагы жамандык-жакшылыкка дайыма чоң энем менен барат элем. Тойлорго барганда, чон энемдин тизесине жатып алып, ырдагандарды, «Манас» айткандарды угуп, мемирейм. Жамандыкка барарда менин таштап кетүүнүн амалын жасайт. Мен кал десе болбой, чаңырып ыйлап кошо ээрчийм. Айласы кеткенде, жонуна өңөрүп алат. Барган кезде ыйлап киришет. А азыр андай жокко эсе. Кичине болсом да баарына баам салып, туюп турам. Бир маалда боз үйгө кирип, ары карап кошо баштайт. Адегенде кичинеден үн чыгарып, анан күчөйт. Аларды мен музыкага салыштырам. Ар бири өзүнчө айтат. Обондору да бири- бирине коошпойт. Музыканын тили менен айтканда, партияга бөлүнгөндөй. Буларды көрүп, угуп олтуруп, музыкага болгон табит улам күчөйт. Ушулардын баары симфония жана чоң чыгармаларды жаратууда чоң көмөк болгон. Мага бул тармакта көйгөй жаралган эмес. Көзүмдү жумуп туруп, кыргыздын түпкүрүндөгү салт-санааны, ырларды, кошокторду эстейм. Шаарда өскөн балдар андайды көрбөгөнү үчүн оор болот. Азыр дайыма чон энеме куран окуп, ырахматымды айтып келем.
Чыгармачылык үчүн 14 жашымда үйдөн качкам
Жараткан төрөлгөндө эле ар бир инсанга кичинекей данек таштайт. Аны өөрчүтүп, өстүрүп кетсең, анда алкыш! Анан ата-эне балдарга кандай тарбия берсе, ошону боюна сиңирип алат. Менин ата-энем мугалим, айылдын интеллигенттери болчу. Бир эле мисал келтирейин. Атам комузду жакшы черткен инсан, ал эми энем ошол кезде ырчы, кошокчу, айылдагы жакшылыктын көркүн ачкан аялзаты болгон. Экөө тең конок тосконду сүйчү. Күндө келген ар бир конок комуз чертип, ырдачу. Алар кеткенден кийин мен: «Бул конок жакшы ырдады, мен ошондой комуз черте аламбы?» — деп кыңылдатып черте берчүмүн. Көрсө, бул — жан дүйнөдөгү талантка болгон умтулуу, дегдөө экен.
Анан үйдө эртеден кечке патефон өчпөйт. Чайковский, Бах сыяктуу залкар инсандардын чыгармачылыгын сүрөттөп айтып, мен уга элек аспаптар менен күүлөрүн угузат. Андай керемет музыкаларды угуп, «Оо, бул кандай шумдуктуу аспап менен ойнолгон музыка? Булар кандай гана таланттуулар? Кыргыздын музыкасын ушундай аспапка салса жаманбы?» — деп ойлонуп коер элем. «Мен да ушуларга окшоп ырдасам, музыка жаратсам», — деген ой-кыял бар болчу. Үйдөгүлөр: «Чоңойгондо ким болосуң?» — деген суроо узатышса, «Композитор болом», — дечүмүн. Жообума күлүшүп, «Чайковский, Бетховен, Бах деп эле кыйкырасың, сен алардын тырмагына да тең келе албайсың, көмүрдүн арасынан таап алгансып, кебетең капкара болуп турса… Андан көрө үйдө калып, бизди баккын», — дешчү. Окуп жүргөндө сүрөт тартып сүрөтчү, сулуу эжейлериме ыр жазып акын да болуп көрдүм. Бирок, майнап чыкан жок.
Айылдын жашоосун айылда жашап көргөндөр жакшы билет. Суу ташып, отун жарып, кол арага жарап калган кезим. Менден улуу эки агам бар. Алар андай кезде кыз жандап калышкан. Үйдүн түйшүгү мага түшчү. Анан эле бир күнү 7-класстын окуучусу «композитор болом» деген кыял менен Фрунзеге качып кеткен (күлүп).
Музыка — абдан чоң философия
Ар бир эл эмнеси менен мактана алат? Азыр саясат талаасы эмне болуп баратат. Ар бир кыргыз менен сүйлөшө келсең — саясатчы. Айланайындар, саясат эмнеден башталат? Албетте, чоң саясат руханий байлыктан башталат да. Кыргыз, азыркы саясатчылары менен да, жер астындагы байлыктары менен да мактана албайт. Мына, улуу таланттарыбыз кыргыздын казынасына өз салымын кошуп кетишти. Биздин бир эле жыгачтан жасалган музыкалык аспабыбыз эмне деген симфонияны жаратып жатат. «Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө» демекчи, монгол, кытайды алалы. Алардын музыкалык аспабына көз кырыңарды салып, байкап көрсөңөр, зымдан жасалган, жасалма. Үндөрү да башкача чыгат. А бүт дүйнөнү таң калтырган — биздин комуз. Тулкусу жыгачтан чабылып, кылдары ичегиден жасалып, бир да мык, бир да темир кошулбаган — натуралдуу аспап. Тээ илгери кандай болсо, бүгүнкү күндө да ошондой жасалып келет. Анан, атадан балага өтүп, оозеки айтылып келе жаткан улуу «Манас» эпосунун ээси ким? Албетте, кыргыз! Манас — тирүү инсан, арабызда руху жүрөт. Ал — түгөнбөгөн океан. Ошон үчүн кыргыз күчтүү. Кыргыздын, адабиятындай, маданиятындай, музыкасындай керемет чанда кездешет.
Элдин кулагы уккулуктуу ырларга муктаж
Депутаттар: «Бул ырчы дасторкондо, тойлордо жакшы ырдайт. Колдоп коелу, ага тийишпегиле, жакшы чыгып келатат», — дейт. Ал айткан ырчы, жеңил-желпи, болбогон ырларды ырдап жүргөн, өмүрүндө нота эмне экенин билбеген, музыкалык окуусуна көңүл бөлбөгөн, чабал болуп чыга келет. Болбогон ырчыны мактап эле сүйрөй берсең, анын ыры да, өзү да элге сиңе берет. Ошентип, элдин музыкага болгон табитин бузуп коёбуз. Сыйлык алуу боюнча айтсам, орустун «Деньги есть, ума не надо» деген макалы бар. 3 ыр ырдап, 5 клип менен чыгып койгондорго жакындары акча береби, айтор, техниканын жардамы менен таанылгандарды жандуу үн менен ырдатып көргүлө, ошондо билесиңер.
Ошон үчүн кесипкөйлүк, билим чоң роль ойнойт, анан албетте, талант керек. Депутаттардын, чоңдордун жардамы менен «жарк» деп чыга келсе эле, эл да: «Ушул жакшы ырчы турбайбы?» — деп ойлошот да. Чын-чынына келгенде, элди да тарбиялоо керек. Алардын кулагын жакшы ырларды угууга бурушубуз керек. Аны жасай турган — мына биз.