Биз менен байланышыңыз

Индияда муз көчкүдөн каза болгондордун саны өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 978 | 0

Индияда муз көчкү жүрүп, каза тапкандардын саны 18ге жетти. Буга чейин 14 адамдын каза болгону маалымдалган. Андан сырткары 200дөй адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Гималайдан кулаган мөңгүнүн ири көлөмдөгү бөлүгү дамбаны бузуп, Индиянын түндүгүндөгү Уттараханд штатында суу ташкынын алып келди.

Дайынсыз жоголгон 200 адамдын изи табылбай жатат. Дагы 30дай адам 2,5 км узундуктагы туннель ичинде камалып калган. Аларды алып чыгуу үчүн күнү-түнү иштеген куткаруучулар тобунун аракетинен азырынча майнап чыга элек.

Акыркы маалыматтар боюнча, курулушу толук бүтө элек башка туннелге камалып калган 15 адам куткарылган.

Муз көчкүсүнөн улам жаңы курулуп жаткан электр станциясы кыйроого учураган.

Copyright © 2017 Maral FM