Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун жаңы 72 учуру катталып, үч бейтап каза болду

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 342 | 0

Кыргызстанда 6-февралга карата COVID-19 вирусунун 72 жаңы учуру катталды. Өлкөдө инфекциянын жалпы учурлары 84 миң 992га жетти.

Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап жана Чүй облусунда эки бейтап каза болуп, коронавирустун жалпы өлүм учурлары 1423 болду.

6-февралга карата 98 бейтап коронавирустан айыкты, оорудан сакайгандардын жалпы саны 81 542 адам.

Copyright © 2017 Maral FM