Connect with us

«Курулуш тармагын Өкмөт жакшы колдобой жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 789 | 0

Курулуш тармагы ИДПнын 10 пайызын түзөт. Тилекке каршы, Өкмөт тараптан ошого жараша колдоо болбой жатат. Бул тууралуу «ЖИА» бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы, «Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өкмөт мамлекеттик буюртмаларды көбүрөөк берсе жакшы болмок. Бул боюнча сунуштар айтылды.

«Курулуш — чоң жоопкерчилик. Анткени турак-жай 20-30 жылдан соң кулап калса да, жооп бересиң. Андыктан бул тармакка кирүү үчүн кылдат ойлонуу зарыл. Мен өзүм 10 жылдай тажрыйба топтогон соң гана көп кабаттуу үйлөрдү курууга кириштим», — дейт Акматов.

Ал кошумчалагандай, өлкөнүн экономикалык абалы кандай экенин курулуш тармагы белгилеп турат.

 

Copyright © 2017 Maral FM