Биз менен байланышыңыз

«Мамлекет буюртма берген курулуш компанияларына акчаны өз убагында төлөбөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Мар 2019 | 655 | 0

“Эмарк” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов “Марал” радиосуна берген маегинде мамлекет тарабынан курулуш компанияларын текшерүү мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын билдирди.

Анын айтымында, мамлекет социалдык объектилерди куруу боюнча буюртма берген курулуш компанияларына керектүү каражатты өз убагында төлөп бербейт.

Мындан сырткары, мындай объектилерди мамлекеттик органдар көп текшерет. Андыктан курулуш компаниялары үчүн мамлекетик буюртма менен иштөө көп пайдалуу болбойт.

«Биздин компания Улуттук онкология борборунун реконстукциясына катышып, 4 айдын ичинде жумушту бүтүрдүк. Бирок бүгүнкү күнгө чеийн каражатыбызды ала албай келебиз. Оорукананын ондоп-түзөө иштерине кошумча киреше табуу максатында кирген эмеспиз. Биз ал жерде дарыланып жаткан бейтаптарды ойлогонбуз. Мындан сырткары, мамлекеттик буюртмаларды тийиштүү органдар калаагандай текшере берет»,- дейт Акматов.

Ал буга кошумча, курулушту баштоо үчүн талап кылынган документерди чогултууга кээде бир жылдан ашуун убакыт кетерин белгилейт.

Акматов курулуш тармагында «Бирдиктүү терезе» кызматы ишке кирсе, уруксат кагаздарын кыска убакытта чогултууга болот деп үмүт артат.

Copyright © 2017 Maral FM