Жакында эле өкмөт Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын бекиткен. Кабыл алынган стратегия курулуш тармагындагы уюмдардын жана ишканалардын салыктык базасын көбөйтүп, натыйжалуу энергетикалык ресурс сактоочу технологияларды киргизүүгө, имараттарга жана курулуштарга коопсуздук талаптарын жогорулатууга, тармакты квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого, курулуш жаатын санариптештирүүгө шарт түзөт. Мындан сырткары, курулуш материалдарын Кыргызтсанда өндүрүү пландалууда. Мындай шарттар турак жайлардын баасына таасир берери болжолдонууда.
Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы менен катар курулуш үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби тууралуу жобонун жаңы редакциясы бекитилди. Ага ылайык, архитектуралык-пландоо кызматтарын иштеп чыгууда өрт коопсуздугун көзөмөлдөөчү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу жоюлуп, анын ордуна бирдиктүү терезе ишке кирди. Долбоордук документацияны экспертизага электрондук түрдө берүүгө шарт түзүлдү. Бул тууралууу Мамлекеттик экспертиза департаментинин башчысы Сүйүнбай Арабеков маалымдады.
— Башкы архитектор кайсы жерде кандай объект жайгашуусу керектигин башкы пландын негизинде чечет. Экинчиден, уруксат алган соң, буюртма берүүчүлөр өз ишин баштай берсе болот. Маселен, курулуш аянтынын айланасын тосуп, объектилерди бузуп, инженерлик коммуникацияларды которууга уруксат берилет. Экспертиза комплекстүү түрдө бир жерден өткөрүлөт. Бул 180 күндө 30 күнгө кыскарып жатат. Мурда архитектуралык кызматтар уруксат кагазын беришчү. Азыр аны алып салдык. Эми экспертизанын оң корутундусу менен курулуш иштерин баштоого болот.
Кыргызстан курулуш материалдарынын дээрлик 80%ын чет мамлекеттерден импорттойт. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев стратегиянын кабыл алынышы менен курулуш материалдарынын өндүрүшү өнүгүп, курулуш тармагын тескеген мыйзамдар, өлкөдөгү инвестициялык абалдын жакшырарына ишендирди:
— Курулуш материалдарын өндүрүү, жаңы технологияларды киргизүү, курулуш тармагын өнүктүрүүгө жол ачат. Өкмөттөн өзүбүздүн техникалык нормаларды да иштеп чыгууга каражат бөлүнүп, улуттук нормаларыбызды киргизип жатабыз. Мындан сырткары, баа бычуу системасында да бир топ жыңылыктар болду. Анткени биз 1991-жылкы баалар менен иштеп келгенбиз. Ал ыкманын механизмдери татаал болчу. Алсак, биринчи рубль менен эсептеп, ал сомго которулган соң курулуштун баасы бычылчу. Ал эми азыр түздөн-түз сом менен баалоого мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстанда өндүрүлбөй турган курулуш материалдарын иштеп чыгуу боюнча программа түзүлөт.
Курулуш тармагындагы өзгөрүүлөр өлкөнүн инфраструктуралык жактан өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет. Кыргызстан курулуш материалдарын өндүрүп, рыноктогу атаандаштыкка туруштук бере алат. Анын арты менен батирлердин баасы арзандашы мүмкүн. Мындай пикирин ЖИА бизнес бирикмесинин курулуш комитетинин төрагасы, «Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов билдирди.
— Анализдеп келгенде уруксат кагаздарын алууга орточо эсеп менен 186 күн кетип калчу. Азыр курулушчуларга көп жеңилдиктер берилди. Жаңы келген технологияларды көп убакытта киргизе албай калып жатабыз. Илимий-техникалык институттар иштей баштаса, жаңы технологиялар кирип, курулушка да жеңил, балким, арзан да болмок. Анткени Кыргызстанда өндүрүлгөн курулуш материалдары сырттан келгендерге салыштырмалуу арзан болот.
Ал эми Финансы министрлиги тарабынан айыл жана шаарлардын башкы планын иштеп чыгууга жыл сайын 50 млн сом каражат бөлүү каралган. Быйыл да акча бөлүнсө, алгач 22 шаардын жана чек арага жакын аймактардын башкы планы бекитилет. Аны бекитүүдө жеригиликтүү эл, тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен макулдашылат. Планда ар бир аймактын социалдык, экономикалык жактан өнүгүү стратегиялары да камтылат. Бул тууралуу Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун директору Жыргалбек Асаналиев кабарлады.
— Чек арага чектеш айылдардын башкы планы шаарлар менен бирдей бүтүшү керек. Өкмөт чырлардын айынан чек арадагы айылдардын башкы планы үчүн акча берерин айтып жатат. Биз да даярданып жатабыз. 2025-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагынын башкы планы бүтүшү керек. Ал иштер бүткөнгө чейин жыл сайын 50 млн сом бөлүнүп турат.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын 2020-жылдын 16-январында бекитилген. Аны иштеп чыгууга Куручуулар союзу, Архитекторлор союзу, ЖИА, Стратегиялык изилдөө институту, экономисттер жана шериктеш өлкөлөрдүн бизнес өкүлдөрү катышкан.