Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан сууну экспорттоону колго алышы зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2021 | 494 | 0

Кыргызстан сууну экспорттоону колго алышы зарыл. Буга көп каражат керектелбейт. Мындай пикирин «ЖИА» бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы, «Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аэропортторду тажрыйбалуу операторлорго берип, ири киреше табууга, туристтерди кызыктырууга болот. 1000 киши келсе, бирөө инвестор болуп калышы ыктымал.

«Туристтик өлкөбүз деген менен тоодо эс алган саякатчыларга шарт түзүп бере албай жатабыз. Суусамырга жакшы комплекс салып коюуга болот, анткени жол узак. Ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүү зарыл. «Жайлоолорго курулуш курбоо» мыйзамына өзгөртүү киргизип, туристтерди боз үйдө үшүтүп качырбай, жакшы шарт түзсөк», — дейт Акматов.

Анын баамында, Бишкекте балдар үчүн оюн-зоок борборлору, парктар, спорт комплекстери жетишпейт. Курулушчулар аталган багыттарга басым жасаса болот.

«Европада эртең менен кирсең, кечинде чыга турган ири соода борборлор бар. Бизге да ошондойлор керек. Элдин саны аз, рынок чакан болгондуктан, ири инвесторлор келбей жатат», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM