Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Батир баалары арзандады

Коом , Экономика | 3 Ноя 2020 | 1660 | 0

Пандемия жалпы экономикага, анын ичинен кыймылсыз мүлк рыногундагы абалга олуттуу таасир тийгизди. Курулуш тармагында иш алып баргандар карантин убагында сатуулар дээрлик токтоп калганын айтышат. Өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу быйыл ижарага батир алгандардын саны дээрлик 18%га төмөндөдү. Ал эми батирлердин 1 чарчы метринин наркы 3-12%га арзандаган. Учурда индивидуалдуу типтеги 1 бөлмөлүү батирлерге суроо-талап жогору. Ири аянттагы үйлөр көбүнчө сатылбай жатат. Ага мигранттардан которулчу каражаттардын азаюусу да себеп болууда.


Пандемиядан улам кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу жана сатуу өлкө боюнча 12%га төмөндөп кетти. Ижарага берүү келишимдерин каттоо 17.7%га, ал эми күрөөгө койгон кирешелерди каттоо 26.6%га төмөндөдү.

Бишкек шаарында батирлердин баасында арзандоо байкалды. Маселен, өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу быйыл батирдин 1 чарчы метри 3-12%га чейин арзандады. Бул тууралуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Айдар Сукенбаев билдирди.

— Доллардын баасы менен эсептесек, былтыркыга караганда 104-сериядагы 1 бөлмөлүү батирлердин наркы 2.6%га төмөндөдү, 2 бөлмөлүүлөрдүн баасы 9.2%га өстү, ал эми 3 бөлмөлүүлөр 2.5%га арзандады. 105-серия боюнча 1 бөлмөлүүлөрдүн наркы 3.7%га өстү, 2 бөлмөлүүлөр 10%га жогорулады, 3 бөлмөлүүлөрдүн баасы 5.6%га төмөндөдү.  Индивидуалдуу типтеги 1 бөлмөлүү батирлердин баасы 19.7%га өстү. Ал эми ушундай типтеги 2-3 бөлмөлүү батирлердин наркы 5-12%га чейин төмөндөдү. 

«ЖИА» бизнес ассоциасынын курулуш комитетинин төрагасы, «Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов пандемиядан улам кардарлардын сатып алуулары дээрлик 20-30%га төмөндөгөнүн айтат. Ал эми батирлердин наркы 20%га чейин арзандаган. Маселен, ндивидуалдуу типтеги батирлердин чарчы метри 150 $га чейин төмөндөп, учурда 600 $дан сатылууда.

— Андан ылдый түшпөйт. Анткени компаниянын болгон үстөгү — 150-200 $. Бүгүнкү күндө курулуш компаниялары өздүк нарк менен гана иштеп жатышат. Жадагалса, өздүк наркынан ылдый сатып жаткан компаниялар да бар. Бизде бөлүп төлөөгө да батирлер берилет. Бирок пандемияга байланыштуу карантин убагында дээрлик эч ким каражат төлөй алган жок. Ошого жараша курулуштун да мөөнөттөрү айла жок жылып жатат. Пандемия болобу, каржылык кризис болобу, эң биринчи соккуну курулуш тармагы алат. Орусияда бул тармакка дем берүү үчүн компанияларга мамлекеттик буюртмаларды беришти. Бизде мындай буюртмалар аз болгондуктан, ар бир компания өзүнүн күчү менен кырдаалдан чыгууда. 

«Альфа Девелопмент» курулуш компаниясынын жетекчилеринин бири Гүлнара Сатывалдиева белгилегендей, жарандардын сатып алуу активдүүлүгү жоголду. Бирок аталган ишкананын батирлеринин баасы туруктуу бойдон сакталууда. Анткени пандемиядан улам курулуш тармагына эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Тескерисинче, уруксат кагаздарын алууда көп көйгөйлөр жаралып жатат. Батирдин наркына таасир эткен курулуш материалдарынын баасы өзгөргөн жок.

— Турак жайлардын баасы бирдей эле. Анткени жер тилкесинин, кызматтардын баалары арзандаган жок. Эгерде батирдин баасына түрткү болгон тармактарга нарк төмөндөсө, анда батирдин да баасы төмөндөмөк. Бир чарчы метри 550-600 $ болуп жатат. Бир бөлмөлүү батирлер батыраак сатылат. Ири аянттагы батирлерге суроо-талап болгон жок. Мындан сырткары курулушка уруксат алууда мамлекеттик органдар тарабынан абдан тоскоолдуктар болууда. Өзгөчө пандемияда көп маселелер жылдап токтоп калды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь-сентябрь аралыгында 5502 турак жай жана социалдык объект курулган. Анын ичинен 5120сы — жеке  курулуш.

Copyright © 2017 Maral FM