Биз менен байланышыңыз

Бишкекте батирлер эмнеге кымбат? Куруучунун жообу

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Мар 2019 | 1106 | 0

Курулуш тармагы өлкөгө чоң салым кошум жаткандыктан аны коргоо зарыл. Мындай пикирин “Эмарк” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов “Марал” радиосуна берген маегинде айтты.

«Кризистик учурларда көп банктар каржылоодон баш тартып коюшууда. Банктардын насыяларынын үстөк пайызы чет мамлекеттерге салыштырмалуу жогору. Аларды ставкаларды түшүрүп, бизнеске өнөктөш болууга чакырып жатабыз. Мамлекет да ушул жааттагы көйгөйлөрдү чечип берсе, бизнестин ишин жеңилдетмек. Бишкекте жерлер кымбат. Имаратты газ менен камсыз кылуу, канализация тартып келүү дагы курулуш компанияларына жүктөлгөндүктөн үйлөрдүн баасы кымбат», — дейт Акматов.

Айта кетсек, “Эмарк” — өлкөдө курулуш тармагында эл аралык деңгээлдеги ISO 9001 сертификатына ээ жалгыз курулуш компания. Компания мындай сертификатты 2018-жылы алган.

Copyright © 2017 Maral FM