Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Февралда бардык окуучулар мектепке барышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2021 | 1503 | 0

18-январдан тарта 1-5-9-11-класстар мектепке барып билим алууда. Окуучулардын 90%дан ашыгы мектепке келип окуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын адиси Аэлита Жолчиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Айрым ата-энелер балдарын мектепке жөнөтпөй калышты. Бирок билим берүү процесси токтогон жок. Телесабактарды тарттырдык, аларды ата-эне, окуучулар көрүп жатышты. Мугалим үчүн бир эле учурда онлайн да, офлайн да сабак өтүү оор, ашыкча жүктөм. Окутуучулар кайтарым байланышты камсыз кылууга болгон аракетин жумшап жатат», — дейт Жолчиева.

Анын айтымында, мектепте сабактар 20 мүнөттөн өтүлүүдө. Ар бир 10-15 мүнөттө класстар желдетилип турат. Мектепте окуучулардын дене табы текшерилүүдө.

Февраль айында кырдаалга жараша башка класстын окуучулары да мектепке барып билим алышы мүмкүн.

Калаадагы мектептер санитардык нормаларды сакташы зарыл. Эрежелер сакталбаган учурда мекеме жабылышы мүмкүн экенин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эскерткен.

Вируска карабай эмне үчүн мектеп, ЖОЖдор ачылууда? (министрдин жообу)

Copyright © 2017 Maral FM