Биз менен байланышыңыз

«2 айда калкты эмдөө башталат, алгач өзүм эмдөөдөн өтөм»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2021 | 1200 | 0

Калкты коронавируска каршы эмдөө үчүн ири каражат керек. Ал бөлүнсө, 2 айдын ичинде эмдөө башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Орусиянын вакцинасын алууну пландап жатабыз. Биринчи болуп өзүм, үй-бүлөм эмдөөдөн өтөт. Андан соң дарыгерлер алышат», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, алгач 200 миң, андан соң 1 млн 200 миң доза вакцина алуу пландалууда. Сунушталган 8 вакцинанын ичинен «Pfizer» вакцинасын алуу үчүн 2 млн доллар керек. Анткени вакциналар өтө төмөнкү температурада сакталат. Ал үчүн муздаткыч сатып алуу зарыл.

Февраль-март айында вирустун III толкуну күтүлүүдө. Ага министрлик, дарыгерлер даяр. 4-5 айга жете турган дары, жеке коргонуу каражаттар бар.

Copyright © 2017 Maral FM