Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Акыркы суткада 129 адам илдетке чалдыгып, 1 бейтап каза болду

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 839 | 0

Кыргызстанда 16-январга карата 129 адамдан коронавирус табылып, 1 бейтап каза болду. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө вирус менен катталгандардын саны 82 миң 986га, жалпы өлүм учурлары 1 миң 382ге жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып, жалпы сакайгандардын саны 78 миң 866 кишини түздү.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 799 бейтап, үй шартында 1 миң 9 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 50 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM