Биз менен байланышыңыз

Депутат эрежесиз эр уруш боюнча федерацияларды көзөмөлдөөнү сунуштады

Кыска кабар , Спорт | 13 Янв 2021 | 791 | 0

Бүгүн, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында спорт тармагында иш алып барган юридикалык жактардын мамлекеттик каттоосун жөнгө салган мыйзам долбоору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Самат Исманов азыркы учурда эрежесиз эр уруш боюнча федерациялар көбөйүп жатканын, анын спорттун олимпиадалык түрү болбогондон кийин, кимиси иштеп-иштебей жатканын көзөмөлгө алууну сунуштады.

Анын айтымында, көпчүлүк эрежесиз эр уруш боюнча федерациялар өзүн «пиар» кылуу жана саясий упай топтоо менен гана алек.


«ММА спортчуларын аткаминерлер, саясатчылар көп колдонушат»


Ал эми Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев: «Азыр мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизип жатканыбыздын бирден-бир себеби да — ушул. Бул чөйрөнү караш үчүн көзөмөлгө алып, тартип орнотуу керек. Көзөмөлгө алганга биздин толук укугубуз жок экен. Жакын арада жаңы мыйзамды толук иштеп чыгып, көзөмөлгө алып, тартипке келтиргенге аракет кылабыз», — деди.

Ошондой эле депутат Самат Исманов спорттук федерациялар саясаттын куралы болуп жатканын белгилеп: «Федерациялардын ишин Өкмөт өз көзөмөлүнө алышы керек. Анткени федерациялар ортосунда да пикир келишпестиктер көп», — деп кошумчалады.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев олимпиада оюндарына карата кыргызстандык спортчулардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулушу шарт экенин билдирди.

Жыйында айтылгандай, Кыргызстанда 300дөн ашуун спорттук федерация иш алып барат. Алардын 77си гана бирдиктүү реестрде катталган.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Шариятта спорттун кайсы түрү менен машыгууга уруксат?

Copyright © 2017 Maral FM