Биз менен байланышыңыз

«ММА спортчуларын аткаминерлер, саясатчылар көп колдонушат»

Саясат , Спорт | 24 Сен 2019 | 679 | 0

22-сентябрь Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгону тууралуу кабар социалдык тармактарга тарады. Ал атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөнү белгилүү болду. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан окуяга тиешеси бар спортчулар Мамлекеттик бажы кызматында иштеп кеткен, элге «Раим миллион» деген каймана аты менен белгилүү болгон Райымбек Матраимовго караштуу «ЕRЕМ» спорт клубунда машыгып жүрүшкөн.

Биз бул тема боюнча журналист Семетей Талас уулу менен маек курдук.

— Спортчулардын, ушундай эрежесиз эр таймаш менен алектенгендердин акыркы учурда башаламандыктарга аралашканы байма-бай катталып жатат. Кара-Суу районунундагы атышууда да ММА чеберлеринин аты аталууда. Бул эмнеден кабар берет?

— Спорттун бул түрү көчө мушташына эң жакын болуп эсептелет. Бул багыттагы клубда машыккан балдар көбүнесе кримчөйрөгө аралашып кетип жатат. Негизинен кайсы бир «олигархтын» же саясатчынын, депутаттын криминалдык армиясына барып кызмат өтөп жатышпайбы. Булар негизинен машыккан клубдарынын жетекчилеринин, мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырууда курал болуп калууда.

— Демек, бул спортчулар машыккан клубдардын кожоюндары аларды өз максаттарында колдонушат, туурабы?

— Туптуура! Булардын түпкү кожоюндарын карайлы. Ийгиликтүү ишкерлер, «бажыканачылар», миллионерлер, кыскасы, жөнөкөйү жок. Кээ бирлерин карасаң, жетекчиси — мамлекеттик кызматкер. Бирок, анын маянасы менен ага тиешелүү спорттук клубду эмес, бир спортчуну да каржылоого жетпейт.

— Айтсаңыз, бүгүнкү күндө бул спорттун түрү жетиштүү көзөмөлгө алынганбы?

— Жетиштүү көзөмөлгө кандай алынышы мүмкүн? Каалагандын баары бирден клуб ачып, кайдан тапканын айтпай эле каалагандай каржылап жатпайбы! Бул жерде кийлигишүүнүн бир жолу бар: «Спорт клубдун балдары кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен кайсы бир жерден байкалса, мелдештерден четтетилет», — деген сыяктуу «Кылмыштуу топтор жөнүндө» мыйзам чыгаруу керек. Ушундай мыйзамдарды киргизсе болот.

— Бүгүнкү күндө «Ошту бандиттер байырлады», — деген пикирлер арбын, сиз кандай ойдосуз?

— Кошулам. Аябай криминалдашты. Бишкекке же Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу «бандиттер» Ош тарапты көбүрөөк байырлап калышты.

— Акыркы окуяларды алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштырсак болобу? Балким сиз айткандай, жетекчилердин көрсөтмөсү менен «кыймылдап» башташкан чыгар?..

— Балким. Андай болушу да мүмкүн. Эгерде келише албай таасир талашып жаткан болсо, кадимкидей согушат эмеспи. Мындай учурлар болуп жүргөн, спортчуларды саясатчылар колдонуп эле келген. Үгүт учурларында атаандаштарына жолугууга келген элди коркутуп же башка партиялардын үгүтүнө тоскоолдук көрсөткөнгө керек. Ушул сыяктуу максаттарда спортчулардын жардамы күч болот.

Copyright © 2017 Maral FM