Биз менен байланышыңыз

Шариятта спорттун кайсы түрү менен машыгууга уруксат?

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 2301 | 0

Дагестандык белгилүү мушкер Хабиб Нурмогамедов ирландиялык атаандашы Конор Макгрегор менен беттешип, аны жеңген соң өзүнүн күйөрмандарын арттырды. Динди бекем тутунган орусиялык мушкер буга чейин Кыргызстанга келип, өзүнүн күйөрмандары менен да жолугушканы маалым.

UFC сыяктуу мушташууларга катышууга тыюу салынганы да айтылып, айрым дал келбеген пикирлерди жаратып келет. Ошол себептүү биз Ислам дини кандай спорттун түрлөрү менен машыгууга уруксат берерин теолог Умар Жусупбеков айтып берди.

-Ислам дининде спорт жакшы нерсе катары бааланып, аны менен машыгууга үндөйт. Адамдын аң-сезимине, ден соолугуна зыян келтирбей турган түрүнө кирген бардык түрү менен алектенүүгө уруксат берилген.

-Азыркы учурда популярдуу болуп жаткан UFC же эрежесиз уруштун башка түрлөрү арам болуп саналат. Анткени ал ошол убакта зыян бербесе дагы убакыттын өтүшү менен терс таасирин берет.

-UFC, FIFA булар — чоң кумар оюндары. Анткени бул оюндарда канча деген адамдар “бул же тигил жеңет” деп чоң суммаларды коюп кумар ойношот.

Спорттогу башкы максат ден соолукту бекемдөө багытында болушу керек. Эгер душман кол сала турган болсо, ошондон коргонууга даярдык катары гана көрүү шарт.

-Волейбол же футбол сыяктуу оюндарда эки тарап ортого акча коюп ойноосуна да шарият жол бербейт. Эгер үчүнчү тарап оюнду уюштуруп, жеңүүчүнү ал сыйлай турган болсо, анда уруксат.

Copyright © 2017 Maral FM