Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Шайлоодо 700дөн ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 374 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагындагы шайлоо участокторунда жалпысынан 700дөн ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 350дөн ашуун башка күч түзүмдөрдүн кызматкерлери, 300дөй ИИОнун ардагерлери жана 2000ден ашуун элдик кошуун көмөктөшөт.

Аларга шайлоо күнү жана ага чейин тейлеген аймактарында жоопкерчиликтүү кызмат өтөө керектиги айтылып, тиешелүү буйруктар жеткирилди. Шайлоого карата атайын инструктаждар өткөрүлүп, кызматкерлерге маалымат баракчалары таратылды.

Copyright © 2017 Maral FM