Биз менен байланышыңыз

Байгуттиев: Кризис маалындагы тандоодо дайым президенттик башкаруу утат

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 608 | 0

Мамлекеттин башкаруу системасы эч качан кризис учурунда тандалбашы керек. Мындай пикирин президенттикке талапкер Жеңишбек Байгуттиев теледебаттын жүрүшүндө айтты.

— Анткени кризис маалындагы референдумда дайыма президенттик башкаруу тандалат. 30 жыл ичинде биз бир да жолу туура президентти тандай алган жокпуз.

Эскерте кетсек, бүгүн 30-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Равшан Жээнбеков, Бабур Тольбаев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асановдор катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM