Биз менен байланышыңыз

«Жапаровдун инвестиция боюнча иш алып баруусу туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2021 | 1079 | 0

2021-жыл оор жылдардан болот. Кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт инвестиция тартып келиши керек. Мындай пикирин экономист Жеңишбек Байгуттиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өндүрүш боюнча экономикалык структураны өзгөртүү кажет. Анткени пандемияда өндүрүшү аз өлкөлөр көбүрөөк кыйналды.

Тышкы иштер министри күчтүү болушу керек. Президент Садыр Жапаровдун инвестициялар боюнча иш алып баруусу туура эмес. Анткени анын тажрыйбасы азыраак.

«Жапаров чоң инвестиция тартып келерине ишенбей турам. Кызматка мыкты адистерди алып келишибиз керек. Бизде айыл чарба тармагы гана бир аз өсүп жатат, бирок ал да жетишсиз», — дейт Байгуттиев.

Ал кошумчалагандай, жаңы Конституция кабыл алынып, аткаруу бийлигинин башына президент келгенге чейин жаңы түзүлгөн өкмөттүн натыйжалуу иш алып барууга мүмкүнчүлүгү жок.

Copyright © 2017 Maral FM