Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн жаңы курам бекитиши туура эмес кадам болду»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2021 | 585 | 0

Өкмөттүн жаңы курам бекитиши туура эмес кадам болду. Анткени жарым жылдай башаламандык болот. Мындай пикирин экономист Жеңишбек Байгуттиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Экономика министрлиги менен Финансы министрлигин бириктирүү — туура эмес кадам. Алар өз-өзүнчө министрлик болгондо карама-каршылыктар болуп, анын негизинде туура багыттар тандалмак. Тилекке каршы, экономиканы өнүктүрүү арткы орундарга жылып кетти.

Ал эми мамлекеттик жана коомдук ишмер Алманбет Матубраимовдун пикиринде, өлкөнү алдыга жылдыруу, талап коюу милдети Экономика министрлигинде болушу керек. Ал эми Финансы министрлиги каражаттын туура бөлүнүшүн гана көзөмөлдөйт. Эки министрликтин бириктирилиши экономикалык өнүгүүнү аксатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM