Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Путин салтка айланган маалымат жыйынын өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 601 | 0

Бүгүн, 17-декабрда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путиндин салтка айланган 16-чоң жыйыны өтөт. Анда Орусия президенти журналисттер менен баарлашып, алардын каалаган суроолоруна жооп берет.

Орусиядагы Путин башкарган конференция алгач ирет 2001-жылы уюштурулган. Былтыркы жылы, 19-декабрда Эл аралык соода борборунда өткөн 15-жолку жыйын 4 саатка созулган.

Буга чейин болгон баарлашууларда эң кыска маек 2001-жылы алгачкы жолугушууда болгону 1 саат 35 мүнөткө созулган. Ал эми баарлашуу эң узакка созулган учур 2008-жылы болуп, 4 саат 40 мүнөткө созулган. Андан башка жыйындар негизинен 3,5-4 саатты түзүп келет.

2001-жылдагы алгачкы жолугушууда катталган журналисттердин саны 500дү түзсө, өткөн жылы 1895 адамга жетип, рекорд жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM