Биз менен байланышыңыз

Турусбек, Эльмара: Эфирде жүргөнүбүзгө 28 жыл болду

8-декабрь — Телерадио кызматкерлеринин күнү. «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасынын майрамдык чыгарылышына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, алып баруучу Турусбек Жумалиев жана Маданияттын мыкты кызматкери, алып баруучу Эльмара Турсуналиева келип, кызыктуу маек куруп кетишти.

Исскустводо «карышкыр» болбосоң, жашоо оор

Турусбек Жумалиев: — 1984-жылы телевидениеге келдим. Эң биринчи мени ушул тарапка тарткан оператор Бакыт Зарлыков болду. Андан кийин Асанбек Ыйманбаев, Амантай Ниязалиев деген телевидениенин корифейлеринен сабак алдым. Азыркы күнгө чейин Бакыт Зарлыковду көргөндө рахматымды айта берем. Ошол күндөн бери ушул тармакта иштеп келем. 28 жыл мурун «Кубулжу менин ырларым» деген концертти алып барып жатканда, Сагын Ниязалиева: «Бул кыз сени менен алып барат», — деп, Эльмара Турсуналиеваны алып келди. Ошол кезде чачы өрүлгөн, топу кийген, орундуу сүйлөгөн, тыкан кыз экени байкалды. Анан мен дароо эле Сагынга: «Мыкты кыз таапсың», — дедим. Эльмара өзү да: «Турусбек байке, сиз менен алып барган мага да сыймык, буюрса иштешебиз», — деп калды. Мырзалык кылып, сьемка учурунда көптөрдүн майда-чүйдө жумушуна кийлигише бербейм. А Эльмара жүздөй артист менен тил табышып, баарын бир нукка салат (күлүп).

Элмара Турсуналиева: — Жаман адамдын жанында жакшы аталгандан көрө, жакшынын, кыйын, мыкты, илимдүү, билимдүү адамдардын арасында жүдөгөнү сен болсоң, утушуң ошол болот деп ойлойм. Алып баруучулукка алып келген Сагын Ниязалиева, Турусбек Жумалиев, радио тармагына алып келген Расул Осмонов деген эң кыйын үн режиссер, телевидение тармагына алып келген Мыктыбек Арстанбек болду. Мына ушул кыйын кишилер жетелеп жүргөнү үчүн көп нерсени үйрөндүм. Андан бери 28 жыл өтүптүр. Өткөн күнгө саресеп салып, ушундай мыктыларга жолугуп калганыма Жаратканга шүгүр кылам. Себеби жүдөгөндөргө жолугуп калсам, азыр эмне болмокмун, ким билет?

Бала кездеги кыялдар

Эльмара Турсуналиева: — Тарых сабагынан мугалим болуу — мектептеги кыялым болчу. Кийин Политехникалык окуу жайда окуп жүргөн кезимде, «Радио тармагына барышым керек», — деген чечимге келгем.

Турусбек Жумалиев: — 1960-70 жылдары телевизору бар үйлөр аз болчу. Кечинде саат 7-8дин аралыгында концерттик программа берер эле. Ошол концертти аябай күтүп, кошунанын терезесин аңдып отурчумун. Башталары менен ар нерсени шылтоолоп, шып кирип барып, көрүп чыкчумун. «Кандай адам сыналгыга чыгат болду экен?» — деп таң калчу элем. Азыр сыналгыга чыгып, таң калтыра албайсың.

Алгачкы эфирге чыккан күн

Турусбек Жумалиев: — 1984-жылы Бообек Ибраев баштаган топ телевидениеге тартылганы барып, мага үстөл жетпей калды. Анан ары жактан бирөө: «Азыр Черикчи Бакасов ордунан турат, сиз олтуруңуз», — деди. «Тиги кишинин орду качан бошойт?» — деп коюп турам какыйып (күлүп). Ордунан козголору менен дароо мен отурдум. Ага чейин апама: «Эфирге чыгып жатам, мени көргүлө», — деп койгон элем. Болбосо, ал жерде сүйлөбөй эле четинде отургам (күлүп).

Элмара Турсуналиева: — Алгач радиого 5 мүнөттүк эфирге чыккам. Кетип баратып: «Апа, радиого чыгам», — дегем. Апам болсо: «Кызым радиого чыгат экен», — деп үйдү тазалап, жыт чыгарып, кошуналарды чакырып, чогуу угушкан экен.

Телевидениге болсо 17 жашымда чыктым. Ал мезгилде Тамара Жаманбаева КТРдин вице-президенти болчу. Бир маалда: «Тамара Бакиевна кабинетине чакырып жатат», — деп алып барышты. Көрсө, ага чейин мен тууралуу талкуу болуптур. Ал кездин талабы боюнча эфирге мурду кырдач, бети сүйрү, сулуучымак адамдар гана чыгыш керек болчу экен. Мен ал нерсени билчүмүн, бирок оюма албаптырмын деле. Анткени өзүмө сулуу эле сезилем да. Кирип барсам, мени карап туруп эле: «Мурду картошкадай болуп, мойну кантет? Бети тоголок турбайбы? Артты карачы», — деди. Артка бурулсам, «Жарабайт бул, алгыла эфирден», — деп салды. Өзүм жөнүндө андай сөздү таптакыр укпаган жаным жаман болуп, чыгып алып үнүм Ат-Башыга жетчүдөй дарылдап, буркан-шаркан түшүп ыйлап жатам.

Мыктыбек Арстанбек көк беттенип: «Жаңы муундун жүзү ушундай болушу керек, алып баруучу болуп иштейт», — деп, жетекчиликке кайра-кайра кирип атып, телевидениеге алып калган.

Copyright © 2017 Maral FM