Орусияда акыркы суткада коронавирус инфекциясынын 28 782 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда өлкөнүн ыкчам штабы маалымдады.
Орусияда катталган бул көрсөткүч пандемия башталгандан бери эң максималдуу болгону айтылды.
Өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 миллион 431 миң 731ди түздү.
Соңку сутка ичинде вируска кабылган 508 бейтап каза болду. Орусияда пандемияда каза болгондордордун саны42 миллион 784кө жетти.