Биз менен байланышыңыз

Аскат, Бакыт: «Такебай-2» азыркы замандын тасмасы болду

Кыргыз киносунда бир нече кейипкердин образын мыкты деңгээлде аткарган актер Аскат Сулайманов жана белгилүү сценарист, режиссер Бакыт Осмонканов «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына келип, кызыктуу маек куруп беришти.

Азыркы заманга дал келген тасма болду

Бакыт: — Аскат мырза кесипкөй, кыйын актер, ошондуктан башкы каарманды сунуштадым. Мындан 2 жыл мурун «Такебай» тасмасы элге жакшы кабыл алынып, «Жылдын мыкты киносу» болгон. Тасманы улантуу үчүн көптөгөн сунуштар түштү. Буюрса, «Такебай-2» тасмасын көгүлтүр экрандан көрүп каласыздар. Бул кинодо эң кызыгы, тартуу иштери жайында жүрүп, андагы көрүнүштөр күз мезгилинде кайталанганында. Аябай актуалдуу кино болду деген ишеним бар. Мында үй-бүлө маселеси, мансап, бай менен кедейдин ортосундагы мамиле чагылдырылат. Азыркы заманга дал келген тасма болду.  Албетте, комедия жанрында болгондуктан, өтө көп татаалдаштырбай тарттык.

Аткара албай калган эпизоддор көп эле

 Аскат: — «Такебай» киносунун биринчи бөлүгүндө ресторанда романтикалык учурду чагылдыруу керек болуп калды. Текстти карасам, ушундай сөздүн гүлү терилген 20 сүйлөм бар экен. Такыр аткара албай койгом. Анткени, романтик эмесмин да (күлүп).

Кыргыз киносунун  келечеги абдан жакшы

Бакыт: — Менин оюмча, кыргыз киносунун  келечеги кең. Азыр алдыга «микро» кадамдарды таштап жатабыз. Автордук тасмалар эл аралык фестивалдарда жеңишке жетип атат.

Аскат: — «Көч бара-бара түзөлөт» деп коет. Мурункуларга салыштырмалуу кыргыз киносу алдыда. Мисалы, 2015-жылды эле алсак, 5 жылдын аралыгында кандай гана тасмалар жарык көрдү. Буюрса, таланттуу актерлер менен кыргыз киносу жакшы баскычтарды багынтат.

Терс каармандын образын жаратсам дейм

Аскат: — Белгилүү актер Сүймөнкул Чокморовдой деңгээлде кыргыздын тарыхын даңазалаган тасмада роль жараткым келет. Андай кинодо идеалдуу адамдын образын эмес, кара мүртөз, мыкаачы, кишиге жакшылык кылбаган кейипкерди чагылдырсам дейм. Негизи, мүнөзүм назик болгондуктан, жакшы адамдын ролун жаратуу абдан  оңой. Бирок «Терс  каарманды ойноп, өзүмдү сынап көрсөмбү?» деген оюм бар. Эгерде, «Манас» эпосу кино болуп тартылса, роль жаратмакмын.

Көп эле ролдордон баш тартам

Аскат: — Кино жаратууда роль сунуштагандар абдан көп. Бирок, буга чейин мага жакпагандарынан баш тартып келем. Мындан 5 жыл мурун кичинекей роль үчүн 2500 доллар сунушташкан, дароо эле баш тарткам. Көбү сценарийди окутпай чакырышат. Мен дайыма кандай кейипкерди жаратарымды изилдеп, анан жакса, макулдугумду берем.

Окшош жагыбыз абдан көп

Бакыт: — Аскат байке аябай жоопкерчиликтүү, мен да ошондоймун. Кечиккенди экөөбүз тең жаман көрөбүз. Анан дагы бир окшоштугубуз: Аскат байке да, мен да Ысык-Көлдөн болобуз. Демек, тууганчылык да окшоштук бар экен (күлүп).

Аскат: — Бакыт экөөбүздүн ойлогон оюбуз бир жерден чыгат. Бири-бирибизди жарым сөздөн эле түшүнөбүз. Ачуубуз чукул, бирок бат жазылабыз.   

 Актер болуш үчүн билим абдан керек

Аскат: — Көп эле кинолорду көрүп олтуруп, актерлордун билими жоктугун байкайсың. Ар бир кино жанрынын өз нугу бар да. Белгилүү куудул Жамбыл Камчиев «Айыл өкмөтү» тасмасына тартылып жаткан учурда Күмөндөр Абыловго күлүп айтканы бар: «Мына, 5 жыл окубай эле теңме-тең аткарып, актердук чеберчилигим силердикинен ашып кетти», — деп. Кийин бир кичинекей эпизодду ойной албай коюп, Күмөндөр  байке: «Ошол үчүн билим баары бир керек», — деп, экөө уруша кеткен. Беш жыл жогорку окуу жайда жөн гана жүрбөйсүң да, Эртеден кечке окуйсуң, үйрөнөсүң. Актер көбөйүп кетти. Бирок, акыры иргелип калат.

Copyright © 2017 Maral FM