Биз менен байланышыңыз

Кытай: Коронавирус түпкү очогу Индиядан пайда болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 800 | 0

Кытайлык окумуштуулар коронавирустун жаңы SARS-CoV-2 түрү 2019-жылы Индияда пайда болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

«Вирус аба ырайы ысык жана кургакчылык болгон өлкөлөрдө жаныбарлар менен адамдар бир сууну ичкендиктен, оору жаныбардан адамга жуккан», — дешет адистер. Италия, Чехия, Австралия, Америка коронавирус пайда болушу мүмкүн делген өлкөлөрдүн катарына кирет.

«Изилдөөгө ылайык, 2019-жылдын аягында Ухань шаарында жайылган вирус «оригинал» эмес», — деп билдиришти кытайлык адистер. Бирок Глазго шаарынын окумуштуулары кесиптештеринин бул ишин сынга алып, айтылган ойдун так эмес экендигин белгилеген.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адан Гебреиесус коронавирусту жуктуруунун биринчи булагын издөө иштерин Кытайдын Ухань шаарынан баштоо керектигин билдирген. Ошол эле учурда, уюм коронавирустун Европада жаныбарлар аркылуу жайылышы тууралуу имиштерге ишенбөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM