Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Өз алдынча дарыланган бейтаптар арбын

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2020 | 639 | 0

Учурда коронавирус жана пневмонияга чалдыккандарды дарылоо ыкмалары так. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Учурда коронавриска чалдыккандарды дарылоодо клиникалык протоколдун 4-версиясы менен иш алып барып жатабыз. Анткени улам жаңы ыкма, малыматтар пайда болуп жаткандыктан, жаңылоого туура келет. Бул жерде дарыгерлерди окутуу маселеси да бар», — дейт Үсөнбаев.

Анын айтымында, азыркы тапта да өз алдынча дарыланган бейтаптар арбын. Бирок бул туура эмес. Анткени коронавируска чалдыккан адамдын абалы бат оорлошуп кетиши ыктымал. Андыктан, көп убакыт бою үйдө жата бергенге да болбойт.

Үсөнбаев жарандарды илдеттин белгилери пайда болор замат дарыгерге кайрылууга чакырды.

Үсөнбаев: Коронавирус курч мүнөздө өтүп жатат

Copyright © 2017 Maral FM