Биз менен байланышыңыз

Марипов: Мыйзамдар байлар үчүн жазылып калгандай сезилет

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 1724 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн жыйынында дары-дармектин баасын арзандатуу боюнча иштин аксап жаткандыгын сындады. Анда ал бул тармакты санариптештирүү менен дарыларды негизсиз кымбаттатуунун алдын алууга болорун эскертти. Бул маселеде тиешелүү мекемелер сунуш бербей жатканын да сындады.

— Мен дарылардын баасын арзандатам деп элге сөз бергем. Эмнеге байлардын кызыкчылыгын коргойбуз? Бүт мыйзамдар байларга ыңгайлашып түзүлүп калгандай сезилип жатат. Кошумча нарк салыгынан, мамлекеттик алымдар… Бирок дарылар кымбат болуп жатпайбы. Элдин эсебинен байып жатышат. Ооба, импорт кылып жатабыз. Бирок кээ бир дарылар башкалардан 5 эсеге кымбат болуп жатат, — деди өкмөт башчы.

Жыйында дары-дармектердин бааларын мониторинг кылып, салыктык жеңилдиктерди эске алгандагы бааларын аныктоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM