Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Коронавирус курч мүнөздө өтүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2020 | 1011 | 0

Жай мезгилине салыштырмалуу, азыркы таптагы коронавирус курч мүнөздө өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемиянын экинчи толкуну жүрүп, калк арасында вирус кеңири тароодо.

Жылдык статистикага ылайык, жалпы жугуштуу оорулардын 70%ын курч мүнөздө өтө турган респиратордук инфекциялар түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл илдеттин аталган түрү аз катталууда, сасык тумоо да азыраак.

«Илдеттин алдын алуу үчүн кошумча койка, госпиталдар ачылды. Бүгүнкү күнгө карата 5601 орун даяр. Анын ичинен 450 орун  интенсивдүү терапия палаталары. Республика боюнча 2496 бош орун бар.  Дары-дармектердин запастарын толуктоо иштери улантылууда. Мындан тышкары медиктерди тийиштүү каражаттар менен камсыздап жатабыз», — деди Үсөнбаев.

Ал белгилегендей Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусуна 200 орундук мобилдик оорукана курулат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM