Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусияда бир суткада 500дөй бейтап каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 582 | 0

Акыркы сутканын ичинде Орусияда коронавирустун кесепетинен дагы 496 бейтап каза тапты. Ыкчам штабдын маалыматына ылайык, каза тапкандардын эң көбү (77 адам) Москва шаарында катталган. Ал эми Санкт-Петербург шаарында 63 бейтап көз жумду.

Соңку бир суткада Орусиянын аймагында коронавирус дарты дагы 27 миң 543 адамдан аныкталды. Алар федерациянын 85 аймагынан катталган.

Муну менен пандемия башталгандан бери Орусияда жалпы 2 миллион 215 миң 533 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Оорудан 1,7 адам айыгып, жалпы 38 558 адам каза болду.

Учурда 492 840 бейтап дарыланып жатат.

Орусиянын борбор калаасы Москвадагы коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөр 15-январга чейин узартылды.

Copyright © 2017 Maral FM