Биз менен байланышыңыз

Кубаныч Сатаев: Атамдын чыгармачылыгы пародиядан башталган

Калың элге белгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу деп таанылган эстрада ырчысы Кубаныч Сатаев «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына конокко келип, кызыктуу маек куруп берди.

Атам чыгармачылыгын пародиядан баштаган

Негизи атам орустун атактуу эстрада ырчысы Андрей Мироновдун ырларын кыргызча которуп, ырдачу экен. Ошол кездеги топ хит ырларды аткарып жүрчү. Битлздин ырларына башында пародия чыгарган, андан кийин автордук ырларга өтө баштаган. Мен билгенден атам кыргыздардан бир эле Жаныш Кочкоровдун «Сагындырба» ырын жакшы көрүп, концерттерде ырдап калчу. Өмүрүнүн аягында Бек агабыздын «Жолугалы, гүлүм» ырын көбүрөөк ырдап жүрдү.

Реп ырдап чыгам

Рептин деле жакшы жагы бар. Быйыл концертке элге сюрприз кылып, реп стилиндеги ыр жаздырсамбы дегем. Анан пандемия болуп ишке ашпай калды. Алдыдагы убакытта репер инилерим менен биригип, ырдап чыгуу планымда бар.

Азыркы ырчылардын көбү жандуу ырдай албайт

«Ушул ырдабай эле койсо болмок», — деген ырчылар көп эле, мурда үнү, музыкалык жөндөмү бар, ар кандай аспапта ойной билген адамдар ырдачу. Азыркы учурда компьютердин жардамы менен ырдап жүрүшөт. Көбү жандуу ырдай албайт. Бирок, кимдир бирөөнө кебетеси жагат, башка бирөөнө кылган хайптары жагат. Ошол үчүн эле адамдар жактырып чакырып жатышпайбы.

Мамлекеттен мага бир тыйын да пайда жок  

Демократиялык мамлекетте жашагандыктан, ар кимдин өз эрки болушу керек. Мамлекеттик иш-чараларга кээде мени да чакырышат. Барып катышып, ырдап жүрөм. Министрдин да айтканы туура. Себеби, мамлекеттик иш-чаралар тойдон өйдө турушу керек. Мисалы, мен резиденцияда же «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чара болуп калса, тойдон баш тартам. Экинчи жагынан, ырчылардыкы да туура, себеби ошол жактан нан таап жеп жатышат. Мамлекеттен эч кандай жардам алган жок. Үч балам бар, мамлекеттен жөлөк пул албай багып келе жатам. Мамлекеттен мага бир тыйын да пайда жок. Өзүбүздү өзүбүз багып жүрөбүз. 30 жылдан бери ырчыларга эч кандай көңүл бөлүнгөн жок. Жадагалса, чоң майрамдык концерттер өтүлө турган мекемелер жок. Жалгыз эле филармониябыз бар. Ошондуктан барабы же барбайбы, ар кимдин өз эрки.

Copyright © 2017 Maral FM