Биз менен байланышыңыз

Минск шаарында мектеп окуучулары жапырт ууланды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 543 | 0

Минск шаарында тамак-аштан ууланып, ооруканага түшкөн окуучулардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Беларусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-ноябрда Минск шаарындагы №61 орто мектептин 280ге жакын окуучусу ашканада тамак жегенден кийин ууланган. Алардын ичинен 16 окуучу ооруканага жаткырылган. Аз убакыт өтпөй, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы 2 окуучу ооруканага түшкөнүн кабарлаган. 

Буга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Беларусиянын Тергөө комитети балдардын жапырт уулануусуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. 

Copyright © 2017 Maral FM