Биз менен байланышыңыз

Минскте күч органдары сабап комага түшкөн өспүрүмдүн апасы каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 543 | 0

Кечээ, 24-сентябрда Беларусиянын Минск шаарында 17 жаштагы Тимурдун апасы каза болду. 12-августта өткөн нааразычылык акциясында коопсуздук кызматкерлери сабагандан кийин аны комага түшүрүүгө мажбур болушкан. Кийинчерээк Тимур массалык башаламандыктар боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары табылган.

«Бүгүн Тимурдун энеси Татьяна көз жумуп, тогуз бала жетим калды. Алардын жетөө — жашы жете элек балдар. Татьяна уулу башынан өткөргөн зордук-зомбулукка жана куугунтукка каршы курман болду», — деп активист Наталья Василевич жазган.

Быйыл Тимур Мицкевич 9-классты аяктаган. Коопсуздук кызматкерлери аны 12-августта балык уулоого камданган досуна бара жатканда сабашкан. Ал нааразычылык акциясына катышкан эмес.

13-августта өспүрүм комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Полициянын бөлүмүнөн ал баш сөөк-мээ жарасы, баш мээси чайкалган, конвульсиялык синдром, гематома, колу-буту жана эки көзүнөн жаракат алып ооруканага түшкөн.

Кийинчерээк, Тергөө комитети Тимур борбор калаанын Притицкий көчөсүндө «массалык баш аламандыктын очогунда» болгонун билдирген. Бул факты видео көзөмөлдөөчү камералар тарабынан тастыкталганын айтышкан. Мындан тышкары, ал  бузук троллейбусту эвакуациялоо үчүн келген «МАЗ» жүк ташуучу унаанын айдоочусуна куралдуу кол салууга катышкандыгы аныкталганын министрлик билдирген.

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Владимир Караник Тимурду «психотроптук заттарга ууланган» деп чыккан. Бирок медициналык картасында андай маалымат болгон эмес.

3-сентябрда Тимур кармалып, массалык башаламандыктар боюнча суракка алынган. Бирок, ошол эле күнү тергөө комитетинен реанимацияга түшкөн.

Беларусиянын TUT.BY порталы жазгандай, 8-сентябрда Тимур комадан чыгып, кадимки палатага которулуп, ошол эле күнү ал дайынсыз жоголгон. Дарыгерлер жана апасы Тимурдун жоголгону боюнча полицияга арыз жазышкан.

Kyky.org басылмасы Тимурду Беларусиядан алып чыгып кетишкенин жазды. Ошондой эле белгилүү беларусиялык блогер Антон Мотолько өзүнүн булактарына таянып, өспүрүмдүн  коопсуз жайда экендигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM