Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Великий камень» индустриалдык паркына барды

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 766 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы «Великий камень» кытай-беларус индустриалдык паркына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Парк жетекчиси Александр Ярошенко анын аянты 112,5 чарчы метр, мында бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө укуктук режим каралган деп белгиледи.

“Иш жүзүндө күчтүү экспорттук потенциалы бар жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык өндүрүшкө басым жасаган заманбап эл аралык эко-шаар курулууда”, – деди Ярошенко.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындай уникалдуу парктарды куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мында мамлекет бизнес жүргүзүү үчүн тиешелүү жеңилдиктерди сунуштоо менен ыңгайлуу инвестициялык климат түзөт деп кошумчалады.

Өкмөт башчы парктын жетекчилиги менен биргеликте Кыргызстанда бул сыяктуу индустриалдык жана логистикалык борборлордун курулушу боюнча пландарды эске алуу менен кызматташтык келечегин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM