Биз менен байланышыңыз

Лукашенко Киевди ымалага чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 621 | 0

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Украинанын Донбасстагы гуманитардык иштер боюнча расмий өкүлү Виктор Медведчук менен болгон маекгинде Кремль менен мамилени жөнгө салуулары керектигин айтты. Ал үчүн өзү ортомчулук кызматын аткарууга даяр экенин жана Минск сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ар дайым ачыктыгын, бирок бул мүмкүнчүлүк колдонулбай жатканын кошумчалады.

«Бул тушүнбөөчүлүк. Башкача атоого мумкүн эмес. Бир тууган элдер ынтымак болбосок, душмандарга өз колубуз менен белек берип жатпайбызбы!? Москвага карата позицияңарды ачык белгиле, ошого карап мен дагы өз позициямды бекемдейин же туура эмес болсо баш тартайын андан»,-деди ал.

Медведчук болсо чындыгында Минск данакерлик кылууга татыктуу экенин, анын сунуштарын карап көрөрүн билдирди.

Эске салсак, Украина менен Орусиянын мамилеси 2014-жылы Крым жарым аралы Орусияга өтуп кеткенден бери бузулуп, ортодогу мамиле түп тамырынан бузулган. Ошондон бери мамилелер артка кетип олтуруп 330 жылдан бери бир болуп келген провославдык чиркөөсү да жылдын башында бөлүндү.

 

Copyright © 2017 Maral FM