Биз менен байланышыңыз

Минск шаарындагы парк Айтматовдун ысымын алды

Коом | 27 Ноя 2018 | 693 | 0

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы Беларустун борбору Минск шаарындагы паркка берилди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атынан дагы бир парк пайда болду. Ал Беларустун борбору Минск шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашып, жалпы аянты 19,6 гектарды түздү. Сейил бактын ачылышына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргызстандан барган делегация катышты. Беларусь тараптан премьер-министр Сергей Румас жана Минскинин мэри болду.

Ромас өз сөзүндө Минск шаарынын картасында Чыңгыз Айтматов атындагы парктын пайда болушу эки элдин ынтымагы бекемделип жатканын көрсөтүп, беларусь эли улуу жазуучунун чыгармалары менен жаңы муунду тарбиялап келатканын билгиледи.

Биздин өлкөнүн картасында Чыңгыз Айтматов атындагы парктын пайда болушу эки өлкө ортосунда ынтымактын бекемделип жатканынан кабар берет. Анын жаркын элесине арналып коюлган таш тастыктайт деп айта алам. Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу атуулу. Өмүрүн, талантын жана чыгармасын элине толук арнай алды. Бул эмгектер бир гана Кыргызстан үчүн эмес глобалдык масштапка чыкты. Ошонусу менен таланттуу дипломат, гуманист, философ  жана мамлекеттик, коомдук ишмер аталды.

Өз кезегинде Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Минсктин борборунда Чыңгыз Айтматовдун ысымын  чоң  паркка ыйгарганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, сыймыктанаарын айтты. Келечекте эки өлкө үчүн кызмат кылган жайлардан болооруна ишенимин билдирди.

Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парк эки өлкөнүн достугунун символу болооруна толук ишенем. Ошондой эле бул паркта жаштар жана Беларустун элитасы көп убактысын өткөрөт деп ишенебиз. Анын аурасы жаңы идеянын жаралышына өбөлгө болуп бере алат. Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу. Анын чыгармалары ар башка улуттардан көп күйөрмандарды топтой алды. Бүгүн 180 ашык тилге которулуп 28 ден ашык өлкөгө тарады.

Сейил бактын ачылышына 50гө жакын шаар тургуну катышты. Алардын дээрлик баардыгы улуу жазуучунун чыгармаларын окугандар жана анын эмгегин баалагандар.

Биз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен чоңойгонбуз. Советтер союзунда ар бир беларус анын чыгармалары менен тааныш болгон. Ошондуктан Айтматов атындагы парктын ачылып жатканы бизге бүгүн жана мындан ары маанилүү күн боюнча калат. Биз улуу жазуучунун эмгегин бийик  баалайбыз.  

-Албетте! Айтматовдун чыгармасын толук окуп чыккам. Эстесем мектеп жашымдан окуптурмун. Кийин жогорку окуу жайда, ошондуктан баарын билебиз. Ошон үчүн бүгүн бул жердебиз.

Бул Минск шаарындагы эң жакшы жер болуп саналат. Шаардагы эң чоң парк. Бул жерде көптөгөн иш чаралар өтөт. Чындыгында Беларуста анын ичинде Минскиде Чыңгыз Айтматовду жакшы таанышат. Чыгармаларын көпчүлүк эл окуган. Көп кечелерди өткөрүшөт. Аларды көрүп абдан сыймыктанам.

Эскерте кетсек, парктын жалпы аянты 19,6 гектарды түзөт. Анын 2,7 гектарын суу ээлейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM