Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешине Армения төрагалык кылат

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 816 | 0

ЕАЭБдин өкмөт башчылар аралык кеңешине 2019-жылы Армения төрагалык кылат. Мындай чечим бүгүн, 27-ноябрда Минск шаарында өтүп жаткан жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдайт.

Учурда Беларусиянын Минск шаарында Евразия өкмөт башчылар аралык жыйыны өтүп жатат. Анда биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу маселелер талкууланууда.

Биримдикке мүчө катары Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев катышып жатат. Ал ЕАЭБ алкагында жаңы орган түзүлөрүн жыйында сөз сүйлөп жатып маалымдады.

 

Copyright © 2017 Maral FM