Биз менен байланышыңыз

Ташкент менен Алматы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын бештигине кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 605 | 0

Британиянын «The Economist» басылмасы Өзбекстандын Ташкент жана Казакстандын Алматы калааларын дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын бештигине киргизди.

2020-жылдагы шаарлардын жашоо деңгээлин глобалдык экономика жана бизнести көзөмөлдөгөн «Economist Intelligence Unit» иликтеген. Анда дүйнөдөгү 130 шаарда азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүнүн 138 түрү боюнча салыштыруу жүргүзүлгөн. Нью-Йорк эталон катары эсептелген – ал жакта жашоо деңгээли 100 баллга бааланган. Калган шаарларга жашоонун кымбат же арзандыгына карата жогорку же төмөн баллдар ыйгарылган.

Иликтөөнүн авторлору Дамаскты (Сирия), Ташкентти (Өзбекстан), Лусаканы (Замбия), Каракасты (Венесуэла) жана Алматыны (Казакстан) эң арзан беш шаардын катарына кошкон.

Ошол эле маалда Цюрих (Швейцария), Париж (Франция), Гонконг (Кытай), Сингапур жана Тель-Авив (Израил) дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бештигин толуктаган.

Copyright © 2017 Maral FM