Биз менен байланышыңыз

Ташкентте бир топ билим берүү мекемелери карантинге жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 мая 2021 | 736 | 0

Ташкентте коронавирус пандемиясына байланыштуу 35 жогорку окуу жай (ЖОЖ) эки жумалык карантинге жабылды. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлү Нодира Султонмуродова билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары 15 атайын билим берүү мекемеси, 132 мектеп, 22 бала бакча, үч дарылоо-профилактикалык мекеме жана эки кызмат көрсөтүү объектиси да 14 күнгө жабылды.

Султонмуродова Ташкентте күн сайын COVID-19ду аныктоо боюнча 8 миңге чейин лабораториялык тест өткөрүлүп, алардын 2,5-3,5% тастыкталып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Ташкент облусундагы жана Самарканд шаарындагы мектептер менен бала бакчалар карантинге жабылганы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM