«Марал» радиосунун жамааты Өзбекстандын Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларына тур уюштуруп, коңшу өлкөнүн кызыктуу, тарыхый, кооз жерлерин көрүп келишти. Туристтерди өзүнө тартуунун жолун таба билген Өзбекстан тууралуу окурмандарга баяндап беребиз:
Ташкенттеги белгилүү «Өзбекстан» мейманканасы
Ташкент — Түркияны эске салган жашыл шаар
Биздин сапарыбыз Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан башталды. Борбор калаада жаңы курулуштар менен тарыхый имараттардын айкалышы бир караганда Түркиянын ири туристтик шаарларын эске салат. Ал эми Ташкенттин тазалыгы жана жашылдандыруусу өзүнчө кеп кылууга татыктуу. Шаардын тазалык кызматкерлери таң заардан кечке чейин иштейт. Өзүнө тиешелүү аймакты улам тазалап турат. Бутуңуздун чаңын сүрүүнүн эч кажети жок, себеби көчөлөр таза болгондуктан, бут кийимиңиз кирдебейт. Ал эми гүлдөрү март айында эле ачылып, көчөлөргө өзгөчө композиция менен отургузуп чыгышкан. Бак-дарактан арчанын түрү өтө көп экени дароо көзгө түшөт.
Транспорт жана архитектурасы
Шаардын климаты ысык болгондуктан, имараттардын көпчүлүгү ак, асман көк жана саргылт өңдөргө боёлгон. Көчөлөрүнүн кеңдиги да көзгө дароо урунуп, унаалардын да 70-80%ы ак түстө. Такси кызматындагы унаалардын баары сары өңдө болуп, айдоочулар жолдо жүрүү эрежесин так сакташат. Өзбекстан импорттолгон унааларга бажы төлөмүн (дээрлик эки эсе) өтө жогору койгондуктан, жергиликтүү калк негизинен өздөрүнүн өндүрүшүндөгү унааларды айдоого аргасыз. Чет өлкөнүн маркасындагы унааларды көп кезиктире бербейсиз. Шаар тургундары негизинен коомдук транспортту: метро, автобустарды колдонушат. Борбор Азиядагы белгилүү Ташкент метросу учурда дагы да кеңейтилип, жер үстүндөгү каттамдары да көбөйтүлгөн. Ал эми бир шаардан экинчи шаарга ылдам жүрүүчү поезддер колдонулат.
Ташкенттеги архитектуралык объекттердин бири
Шаардын архитектурасы өткөн кылымдарда тургузулган музей, тарыхый комплекстер жана жаңы имараттар менен айкалышкан. Тарыхый объекттерди реставрациялоо иштери тынбай жүрүп турат. Кызыгы, бул шаарда СССР мезгилин эске салган эстеликтер дээрлик жокко эсе. Негизинен өздөрүнүн улуттук же тарыхый инсандарын даңазалаган имарат жана айкелдерге басым жасашат.
Ошондой эле суу жээктерин көрктөндүрүүгө да өзгөчө маани беришет. Мисалы, Ташкенттин ичин аралап өткөн каналдын жээгин да сейилдөөгө ыңгайлуу кылып көрктөндүргөн.
Ташкентти аралап өткөн канал
Ташкентте сөзсүз барып көрүүгө арзый турган жайлар: «Минор» мечити, «Аза күткөн эне» аскердик мемориалы, Алишер Навои атындагы Опера-балет театры, Ташкент Сити, Аш борбору, Чорсу базары ж.б
Мрамордон салынган «Минор» мечити
Ташкент зилзаласынын курмандыктарынын элесине арналган айкел
1937-жылдардагы репрессияда курман болгондордун элесине арналган саябан
Навои атындагы Опера жана балет театры
Самарканд — тарыхый шаар
Биздин кийинки сапарыбыз андан ары уланып, Самаркандга жол тарттык. Бул эки шаардын аралыгы — ылдам жүрүүчү поезд менен 2 сааттык жол. Самаркандда сөзсүз көрүүгө арзый турган жерлер: «Регистан» аянты, Орто кылымдардын маданий борбору аталган, Самарканддын чок ортосунда бири-бирине маңдай-тескей жайгашкан Улукбек, Шердор жана Тилля-Кари медреселери.
Мирзо Улугбектин эстелиги
Самарканддагы медреселердин ар биринин өз-өзүнчө тарыхы бар. Ичине баш бакканда орто кылымга таандык кеңселер, сарайлар, кампалар, казарма, ибадатканалар, өнөрканаларды көрүүгө болот. Андан сырткары Мирзо Улугбектин обсерваториясы да бар. Тилекке каршы, дүйнөлүк илимге салым кошкон бул обсерваториянын бир бөлүгү гана сакталып калган.
Өзбек улуттук аспаптары
Тилля-Кары медресесинин ичи
Тилля-Кары медресеси. Имараттын ичи алтын менен кооздолгон
Самарканддын борбору «Регистан» аянты
XV кылымга таандык жер төлө
Самарканддын туристтик жайларынын бири — Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун күмбөзү. Күмбөзгө гүл коюп, куран окуганы баргандардын саны дале көп. Алардын басымдуу бөлүгү — жергиликтүү туристтер.
Мындан сырткары Афросиаб көрүстөнүндөгү бир канча уламыштарды өзүнө камтыган пайгамбар Даниилдин күмбөзү, узундугу 17 метр келген табыт жана канча жылдык карт тарыхы бар бадам дарагы да Самарканддын өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Самарканд шаарындагы дагы бир тарыхый жай — Шах-Зинд комплекси. Комплекс — 20 мавзолейге тең келген 44 күмбөздөн турат.
«Куран» китеби
Самарканддагы тарыхый көчө
Самарканддын базары да — туристтердин эң көп каттаган жайларынын бири. Кургатылган жемиштердин түрүн тапсаңыз болот. Кызык жери Өзбекстанда тейлөө тармагында көпчүлүгү эркектер кызмат көрсөтүшөт. Айрыкча базарларда соода кылган эркектер — өтө элпек жана кичипейил. Бир да сатуучу отуруп алып соода кылганын көрбөйсүз. Сатуучулар дайыма жылмайып турат. Эскерте кете турган жагдай, Өзбекстанда соода кылганда сөзсүз соодалашыңыз, арзандатуу мүмкүнчүлүгү дээрлик бардык жерде бар.
Базардагы кургатылган мөмө-жемиш
Бухара — орто кылымга саякат
Бухарадагы маданий-тарыхый комплекстерди кыдырганга бир күн кетет. Орто кылымдарда салынган имараттар абдан жакшы сакталган. Шаар аралап баратканда байыркы доорду эске салган имараттардын бири — Исмоил Сомони мавзолейи. Бул тарыхый инсан Исмоил Сомонинин эс алуучу жайы катары IX кылымда курулган. Андан ары улай, Пойкалон комплекси: Минорай Калон, Масжиди Калон жана Араб медресесинин Мири деп аталган үч жайдан турат. Мунара 1127-жылы курулган. Мечит болсо 1514-жылы салынып, ал эми медресе 1536-жылы бүткөн.
Өзбек улуттук кийимдери
Бухаранын дагы бир туристтик жайы: Ляби-хауз (бассейндин жанындагы ансамбль) – эски шаардын борбору. Алдында чоң бассейн бар. Айланасына кафе, ресторан салынган. «Ляби-хауз» ансамблинде 3 монумент бар; Абдулла II тарабынан салынган, XVI кылымга таандык Орто Азиядагы эң ири Ислам мектеби катары саналган Күкөлдөш медресеси; Хожа Насреддин апендинин айкели, апендинин атын алып жүргөн көчө да бар; Надир Деванбеги медресеси — бул имарат алгач кербен сарай катары салынып, бирок башкаручу Имам Кулимхандын буйругу менен медресе болуп оңдолгон экен. Бул жайда үйлөнүү үлпөт тойлору көп болорун айтышты. Бухаранын бул тарыхый борбору ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Өзбек ашканасы
Ар бир аймактын аш демдөө усулу жана ага кошкон кошулмалары да кескин айырмаланат. Ташкент палоосу күнжүт майы менен басылып, тамакты бат сиңирет. Самарканддын палоосунун даярдалышы бир башкача. Ал мейиз, нокот жана башка кошулмалар менен жасалат. Ашыкча салмак кошууну каалабагандар үчүн эң мыкты палоо — Бухараныкы деп айтылат. Ал эми Өзбекстандын бардык жеринде сатылган нерсе — патыр нан. Андагы орнаменттер да өзүнчө бир искусство. Мындай нандарынын өзгөчөлүгү узак мөөнөткө сактала билгендиги менен айырмаланат.
Ташкент палоосу
Өзбекстанга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн бир канча сунуштар:
-Учурда Ташкентке Казакстан аркылуу жол жабык болгондуктан, Ошко барып, Анжиян аркылуу кеткен ыңгайлуу;
-Чек арадан өтүүдө сөзсүз ПЧР-тест тапшырасыз (10 мүнөттө чыгарып берет, баасы 1700 сом);
-Ылдам жүрүүчү поезддерге түшүү үчүн билеттерди алдын ала алып коюңуз;
-Акчаңызды өзбек сумуна Кыргызстандан эле алмаштырып алыңыз. Кыргыз сомун Өзбекстандан алмаштыруу машакат жаратат;
-Конок үйлөрүнүн баасын, базардагы буюм-тайымдардын баасын сөзсүз соодалаңышыз;
-Сувенирлерди эң арзан жана ыңгайлуу баада Анжияндан алсаңыз болот.
«Марал» жамааты Өзбекстанга болгон саякат үчүн туристтик компаниянын директору Рахматуллаева Гульчехра айымга терең ыраазычылык билдирет.
Турат мырза-бишкек шаары, фрунзе-421.
02.04.2021 15:36
Мен Өзбекстанга барып, кабар алып келген «Марал» радиосунун жаматынын маалыматын окудум. Маалымат аябай жакшы экен. Пайдалуу жагы көп экен. Маалыматты окуган Кыргыз жарандары үчүн эң керектүү нерселерди билип алса болот. Дагы бир жагы Өзбекстандын шаарларынын өзгөчөлүгүн, тарыхый тараптарын кызыктуу көргөзүшүптүр. Радионун жаматына ыразычылык. Иштериңерге ийгилик.