Биз менен байланышыңыз

Марипов Ташкенттеги зер буюм ишканасына барды

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 581 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы бир катар фабрика жана заводдорду кыдырды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Улукбек Марипов «Gold Moon» зер буюмдарды өндүрүүчү ишканага барды. Завод заманбап жабдуулар менен жабдылып, жылына  алты миң тоннага чейин зер буюмдарын өндүрүү мүмкүндүгүнө ээ. Белгиленгендей, жакынкы аралыкта даяр продукцияны чет өлкөлөргө экспорттоо пландаштырылууда.

Андан соң Өкмөт башчы текстиль фабрикасына, карапа жана плита заводго барды.

Эске салсак, Улукбек Марипов Ташкент шаарына, бүгүн 26-мартта өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн келген.

Copyright © 2017 Maral FM