Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту Түркстандан келген алгачкы каттамды тосуп алды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 851 | 0

Бүгүн, 31-майда казакстандык «Флай Арыстан» лоукостеринин Түркстан- Бишкек-Түркстан жаңы, туруктуу аба каттамы өз ишин баштады. Эми авиажүргүнчүлөр Казакстандын Нур-Султан менен Алматы шаарларына Түркстан аркылуу уча алышат.

«Флай Арыстандын» коммерциялык кызматынын жетекчиси Ренат Абулханов жайкы эс алуу мезгилин утурлай, эки өлкө арасында дагы бир кошумча каттам Алматы – Тамчы – Алматы ачуу каралып жаткандыгын билдирди.

Казакстандык лоукостер «FlyArystan» жумасына эки жолу-дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүнчүлөрдү ташымакчы. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM