Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирустан улам Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 473 | 0

Тажикстанда Жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар болбойт. Мекеме-ишканаларга жаңы жылдык балатыларды, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Республикалык штаб бул чечимди COVID–19 илдетинин экинчи толкуну пайда болгонуна, экономикалык жана каржылык каатчылыкка байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүрдү.

Тажик бийлигинин чечимине ылайык, жарандар маданий жана эс алуу парктарында жана башка коомдук жайларда коомдук жана жеке гигиенаны, ошондой эле аралыкты сактоо менен сейилдей алышат.

Расмий маалымат боюнча 18-ноябрга карата Тажикстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 11 миңге жетти. Шаршембиде илдет дагы 42 адамдан аныкталды. Жалпысынан 86 адам көз жумду.

Тажикстанда Жаңы жылды 80 жылдан бери майрамдап келишет. 1-январь расмий түрдө эс алуу күнү катары жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM