Биз менен байланышыңыз

Анаркулов: Коомдук талкууга Башмыйзамдын үлгү варианты гана чыгарылды

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 875 | 0

Конституциянын жаңы долбоору коомдук жана эксперттик пикирлерди эске алуу менен оңдолуп, кайрадан иштелип чыгат. Бул тууралуу маалымат каражаттарына президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында, коомдук талкууга Башмыйзамдын баштапкы варианты гана чыгарылган. Конституциянын акыркы вариантына талкуу учурунда айтылган сунуштар киргизилет.

«Өлкөдөгү социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн бир адам, тагыраагы, мамлекет башчы жооптуу болушу керектигин убакыт көрсөттү. Мурда эч ким эч нерсе үчүн жооп берген эмес, башаламан система иштеген. Башаламандыктан тажаган эл өзгөрүүнү талап кылууда. Мындан мурда бардык чечимдер бир жерде кабыл алынып, кыйын кырдаалдарда бардык «айып» ал чечимдерди аткарган премьер-министрге тагылчу. Ошондуктан турмуш мамлекеттик башкаруу системасында жаңы жолдорду табуу керектигин көрсөтүүдө», — дейт Анаркулов.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты.

Жаңы жазылган мыйзам долбоордо эң көп Конституциянын III бөлүмү «Мамлекеттик бийликтин органдары» боюнча оңдоп-түзөөлөр сунушталууда.

Анда президенттин ыйгарым укуктары өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда, мамлекет башчы бир эле убакта аткаруу бийлигинин да башында турат.

Президент 5 жылдык мөөнөт менен 2 жолу шайланууга укуктуу. Ал ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

80 депутаттын демилгеси: Конституцияда эмнелерди өзгөртүү сунушталды? (түшүндүрмө)

Copyright © 2017 Maral FM