Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн мыйзам долбоорун демилгеледи. Мыйзам долбоор бүгүн, 17-ноябрдан баштап коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Ш.Абдыкеримов, А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, Алтынбеков Айбек, О.А.Алыбаев, А.А.Арапбаев, Н.И.Арзыбаев, С.Анарбаев, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, Ө.М.Бакиров, А.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, К.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, А.Т.Жутанов, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, С.Исманов, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, И.А.Маннанов, Г.С.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.А.Мусабекова, Б.Нурдинов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.О.Самаев, Г.Самат, У.Садиков, Б.Ж.Субанбеков, А.М.Султанов, Б.К.Сыдыгалиев, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Ч.Урумкалиева, Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Торобаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, З.Эсеналиев, М.Б.Эгембердиев, А.Л.Юсуров.
Мыйзам долбоорунда президент жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кайра карап чыгуу, Элдик Курултай институтун ишке киргизүү жана мамлекет башчыга жоопкерчиликти жүктөө, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санына тактоо киргизүү тууралуу айтылат.
Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда элдик бийлик катары Элдик Курултайды кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу орган катары бекитүү каралган. (Конституциянын 7-беренеси)
Элдик Курултай президент, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланышта иш алып барат.
Курултай өзүнүн төрагасынын, Жогорку Кеңештин төрагасынын, президенттин отчетун угууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле өкмөттүн жана анын түзүмүндөгүлөрдүн иштери боюнча сунуштарды киргизе алат.
Курултайдын түзүмүн жана ишмердүүлүгүн Конституция жана конституциялык мыйзам менен жөнгө салуу каралган.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоордо эң көп Конституциянын III бөлүмү «Мамлекеттик бийликтин органдары» боюнча оңдоп-түзөөлөр сунушталууда.
Анда президенттин ыйгарым укуктары өзгөртүлгөн. Тагыраак айтканда мамлекет башчы бир эле убакта аткаруу бийлигинин да башында турат.
Мамлекет башчы 5 жылдык мөөнөт менен, 2 жолу шайланууга укуктуу. Ал ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктайт.
Президент жана премьер-министр институтунун ыйгарым укуктары кайрадан каралышы боюнча: президент өкмөттүн ишине жоопкерчиликти өзүнө алып, өкмөт башчы жана министрлер жана мамлекеттик комитеттердин төрагасын өзү дайындайт. Бул ишти Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашырат.
Президент өзүнүн же Элдик Курултайдын сунушу менен министрлерди жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин жумуштан алууга укуктуу.
Мындан сырткары президент Жогорку Кеңештин кароосуна өзүнүн демилгеси менен мыйзам долбоорун сунуштай алат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери белгилегендей, 2020-жылдагы октябрь окуяларын эске алуу менен, эгер президент кызматын тапшырган же башка бир жагдай жаралган учурда анын милдетин аткаруу өкмөт башчыга өтөт.
Эгер өкмөт башчы президенттин милдетин аткара албай калса, анда аны Жогорку Кеңештин төрагасы улантат.
Конституциялык өзгөрүүлөрдө Жогорку Кеңештин түзүмүнүн санын тактоо маселеси да коюлган. Анда эл өкүлдөрүнүн санын 90го кыскартуу жана аларды 5 жылдык мөөнөткө шайлоо сунушталган.
Депутаттарды шайлоо да конституциялык мыйзамдын негизинде аныкталат. Эл өкүлдөрүнүн мажоритардык же пропорционалдык (партиялык тизме) система менен тандалып, Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү да конституциялык мыйзамдын негизинде бекитилет.
Жогоруда айтылгандай, президент менен өкмөт башчынын ыйгарым укуктарына өзгөртүү киргизилгенине байланыштуу Конституциядагы «Аткаруу бийлиги» боюнча III бөлүмгө да өзгөртүү киргизүү каралган.
Президенттин ролу жана жоопкерчилиги күчөтүлгөнүнө байланыштуу аткаруу бийлигин президент жана анын кол астындагы өкмөт ишке ашырат.
Өкмөттүн курамы президент тарабынан аныкталат. Өкмөттүн жыйындарына президент төрагалык кыла алат. Ал эми өкмөттүн ишмердүүлүгүн президенттин аппараты жүргүзөт. Бул мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөө максатында сунушталууда.
Венециялык Комиссиянын 2010-жылдагы сунушун эске алуу менен, Конституциялык сот Жогорку соттун карамагынан чыгарылып, мыйзамды көзөмөлдөйт.
Мыйзам долбоордун толук вариантын бул жерден окуй аласыз