Биз менен байланышыңыз

Ырыс, Гүлжайна: Хайптарды атайын сүйлөшүп алып жасайбыз

Жүргөн жерин шаңга бөлөп, кыргыз элине таанылган куудул Гүлжайна Атаканова жана кинорежиссер, актриса Ырыс Жоомартова «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына келип, маек куруп кетишти.

— Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

Ырыс Жоомартова: — Жакында эки кино тартып бүттүм. Биринчисин Ноокаттан тартып келдим. Башкы ролду Малика Дина менен Динара Багышбаева жаратып, Ош драма театрынын артисттери да ойноп беришти. Экинчи тасманы Анталиядан тартып келдик. Буюрса, эл жакшы кабыл алат деген ишеничтебиз.

— Эл оозуна бат алынуу үчүн хайпты атайын уюштурасыздарбы?

Гүлжайна Атаканова: — «Экөөбүз бир нерсе кылып, хайп жасабайлыбы?» — деп, тамактануучу жайлардын бирине барып сүйлөшүп калдык. Ал жерден «Сен мени жакшы кинолоруна тартпайсың», — деп уруша турган болдук. Атайын баарын даярдап койгонбуз. Арткы үстөлдө бизди камерага таанышыбыз тартып олтурду, анан эле экөөбүз уруша баштадык. Бир убакта эже мени катуураак чаап жиберди. Негизи, мындай кыйкырып бышык болуп жүргөнүм менен такыр урушкум келбейт, же ал жерден экөөбүзгө көңүл бурган эч ким жок (күлүп), кайра өзүбүз уялып, ал хайп ошентип өтпөй калган.

Ырыс Жоомартова: — Ал эми «КНОПКА» болсо эч кандай даярдыгы жок эле популярдуу болуп кетти. Гүлжайнага чалдым: «Кел, бир балээнин үстүнөн чыкпайлыбы? Сенин машинаңды «начар, мындай унааны 7 жыл мурун айдагам» деп айтайын», — десем, «Э-э, апче, айта бериңиз да»- деп калды. Ошентип, бул хайп аябай популярдуу болуп кетти. Бирок, видеодо күлгөн жерлеримдин баары кесилген, себеби мен: «Ушундай машина көрдүңөр беле?» — дегенден кийин күлгөм. Алардын баарын кесип салышкан. Кээ бирөөлөр туура эмес кабыл алды.

— Саясатка кызыгасыздарбы?

Гүлжайна Атаканова: — Мен бир кызматка койсо экен, бир жерге жетекчи болсом экен деп эмес, болгону Кыргызстандын келечеги, кыргыз жараны катары кызыгып, ошол үчүн митингге катышам. Шайлоого барам жана сүйлөйм. Кийинки биздин балдардын келечегин ойлойм, алар биз сыяктуу кыйналбашы керек.

Ырыс Жоомартова: — Саясат абдан кызыктырат. Психолог катары айтайын, папкага, чоң орундарга жулунгандардын баары ооруйт. Өзүнө ишенсе аракет кылса болот да. Анан азыр биздикилерди көрүп жатпайсыздарбы? Албетте, андай кимге жакпасын. Жанында катчы, эшикте айдоочусу, кол алдындагылардын баары «ляппай» деп турса, кимге жакпасын. Чоң кызматка сунуш түшүп калса, мен деле иштемекмин (күлүп).

— Ырысы айым, Гүлжайна айым тууралуу эл билбеген үч факты айтсаңыз?

Ырыс Жоомартова: — Биринчи факт: Гүлжайна квартира алды, жакында көчөт; экинчи факт: аябай ыйлаак; үчүнчү факт: колу ачык, берешен, үйүнө барганда баарын бере берет.

— Гүлжайна айым, сиздин атактуулугуңузга кызыкан мырзалар барбы?

— «Чыгармачылыгыңызды сыйлайм, талантуусуз»- дегендер бар, бирок чектен ашкандар жок. Эркектерге токтоо мамиле кылам, ким менен сүйлөшсөм да, ага же ини катары карайм.

— Жашоодо көп эркелейсизби?

— Ооба

— Эркелетчү адам барбы?

— Албетте бар, жеке жашоомду мындан кийин сыр сандык кылып эле коеюн деп чечтим. Чыгармачыл адам болгондон кийин эл алдында жүрөсүң, анан «бирөөнүн көзүндө бар, бирөөнүн сөзүндө бар» дегендей, сыйлашса менин талантымды, өнөрүмдү айтышсын. Жеке жашоомдо баары жакшы, башым бош эмес, үй-бүлөлүүмүн.

Copyright © 2017 Maral FM