Биз менен байланышыңыз

Исаев: Жол кырсыктары дээрлик 11 %га азайды

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2020 | 715 | 0

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны азайды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жалпы жол кырсыктарынын саны 10.8 %га, жабыркагандардын саны 13.6 %га төмөндөгөн.

Ал эми жол кырсыктарынан каза болгондордун саны 8.3 %га кыскарды.

«Биздин башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде кырсыктарды болтурбоо боюнча профилактикалык иштер жана эреже бузган айдоочуларга карата рейддик иш-чаралар уюштурулуп келет. Жол кырсыктарынын азаюусуна пандемия учурунда киргизилген транспорттук чектөөлөр, жол эрежесин сактоого чакыруулар себеп болду», — дейт Исаев.

Ал жол кырсыктарына катуу ылдамдык, жол эрежелерин сактабоо негизги себеп болууда.

Copyright © 2017 Maral FM