Биз менен байланышыңыз

«Пандемияда медиктерге жардам берген айдоочулардын айыптары жокко чыкты»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2020 | 614 | 0

Пандемия убагында медициналык мекемелерге көмөктөшкөн миңдей айдоочунун жол эрежесин бузуу боюнча айыптары кайра каралып, айрымдары жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азыркы тапта да эреже бузуу боюнча айып каттар айдоочулардын дарегине жиберилип жатат. Бирок пандемияда медиктерге колдоо көрсөткөн айдоочулар 10 күндүн ичинде бизге кайрылып, талап кылынган документтерди алып келсе, атайын комиссия бузуусун кайра карап берүүгө даяр», — деди Исаев.

Анын айтымында, аппараттык-программалык комплекстер коюлган күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин 1 млн 970 миңден ашык бузуулар катталган. Ошол эле учурда бузуулардын 57 %ынан 1 млрд 220 млн сомдон ашык акча мамлекеттин казынасына түштү.

Учурда кызматкерлер тарабынан айдоочулардан айыптарды өндүрүү иштери уланууда.

Эске салсак, аппараттык-программалык комплекстер 2019-жылдын март айында орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM