Биз менен байланышыңыз

Ош-Бишкек жолу: Ашууларда унаа кыймылына чектөө кирди

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2020 | 479 | 0

Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында транспорттун кыймылына чектөө киргизилди. Анткени калың жааган кар каттамдарга тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө кирди. Бул эреже жеңил унааларга тийиштүү эмес.

«12-ноябрда кечки саат 8дерде оор жүк ташуучу унаа дөңгөлөктөрүнө чынжырча такпай бара жаткандыктан, ашууда кырсыкка кабылды. Кызматкерлер барып, жеринде жардам көрсөтүштү. Учурда жол мекемелери жолдорду тазалап жатат. Алар бүтөрү менен кыймыл кайра калыбына келтирилет», — деди Исаев.

Ал айдоочуларга унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, атайын чынжырчаларды тагып жүрүүнү эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM