Биз менен байланышыңыз

Ашууда калып калган 8 чабан куткарылды

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 844 | 0

Тогуз-Торо районундагы «Сары-Кыр» ашуусунан 8 чабан 2 200 койлору менен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда Көк-Ийрим айыл аймагындагы «Алакан» жайлоосунда калың жааган кардан улам чабандар ашуудан аша албай калгандыгы тууралуу айтылат.

Чабандарды койлору менен ашуудан алып өтүү үчүн атайын куткаруучулар  жөнөтүлгөн. Натыйжада алар ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM