Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милицияны кайра түзүү туурабы?

Коом | 6 мая 2019 | 511 | 0

МАИ кызматына реформа жүргүзүү демилгесин президент Сооронбай Жээнбеков колдоого алып, атайын жумушчу топ түзүлүп, иш башталды. Алар ишти жаңы форматта жүргүзүп, адаттагыдан башка нукта тандоо өтөрү айтылат. Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Тилек Исаевдин маалыматына караганда, кайрадан түзүлө турган патрулдук милиция кызматына тандап алуу үчүн сынак жарыяланат. Сынактын жеңүүчүлөрү 6 айлык даярдыктан соң, иштеп баштайт.

— Алгач долбоордун негизинде сынак жарыяланат. Жеңүүчүлөр ИИМ академиясынан 6 айлык даярдыктан өткөрүлөт. Андан соң, кызматка киришет.

Жол кырсыгынын катталуусу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан алдыңкы орундан түшпөй келген. Алты жыл дегенде «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашып, жол кыймылы жөнгө салынганы айтылып келет. Депутат Бакирдин Субанбеков патрулдук милиция ишке кирсе, «Коопсуз шаар» менен бирге коопсуздук дагы да жогорулайт деген ойдо.

— Патрулдук милицияны түзүү ИИМди реформалоонун алкагында жүргүзүлүп жатат болуш керек. Кайра түзүлүп жатканы үчүн элди ойлонтууда. Негизи азыр түзүлүшү кажет. Анткени, «Коопсуз шаар» ишке кирип, көчөгө камералар орнотулууда. Патрулдук милиция ишке кирип, чогуу иш алып барса, башаламандыкка көбүрөөк көңүл бурулат. Жол кырсыгынын алдын алууда көп эле жардамы тиет деген ойдомун.

МАИ кызматында кадрларды тандоодон баштап, жалпы эле иштөө принцибин өзгөртүү керек. Бирок, негизги көйгөйлөрдүн бири болгон коррупциялык иштерди жоюу үчүн кызматкерлерге шарт түзүү зарыл. Атын өзгөртүү менен гана реформа жүрөт деген туура эмес экендигин айткан эл өкүлү Абдувахап Нурбаев маянаны көтөрүп пара алуу шарттарын кемитүү керектигине токтолду.

— Эң биринчи кызматкерлер коррупцияга аралашпагыдай жакшы шарт түзүлүшү зарыл. Менимче, атын эле өзгөртүп койгондон жыйынтык чыкпайт. Маяналарын көтөрүп, атайын соцпакеттерди берип, мүмкүн болсо ачык иштөөсүн камсыздап, акча алуу жолдорун кыскартуу керек. Таза адамдарды жумушка алуу үчүн айлыгын көтөрүү кажет.

«Жол коопсуздугу» долбоорунун директору Чынара Касмамбетованын пикиринде, патрулдук милицияга өтүү жакшы демилге, бирок буга чейинки ката кайталанбоосу үчүн, анын механизмдерин так түзүү керек.

— Буга чейин да патрулдук милицияга өтөлү деп реформа башталып, бирок механизмдер жакшы, даана иштелбей, жыйынтыгы анча жакшы болбой калган. Ошон үчүн бул ирет ар бир жазылган кагаздын механизмдерин ойлонуштуруу керек. Мисалы, «Патрулдук милиция көчөлөрдү кандай тартипте кыдырат? Кандай иштерди жасай алат? Кандай ишке уруксат берилбейт?» -деген сыяктуу.

Эске салсак, 2016-жылдын 1-апрелинде Ички иштер министрлигинин алдындагы МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Арадан бир жарым жыл өтпөй, өкмөттүн токтому менен аталган мекеме жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM